Бишкекте шаар тургуну бөбөктү алаксытуу үчүн анын өмүрүнө коркунуч жараткан ыкманы колдонду

Бишкекте шаар тургуну бөбөктү алаксытуу үчүн анын өмүрүнө коркунуч жараткан ыкманы колдонду. Окуянын тасмасын Инстаграмдагы OMKS_video коомчулугуна күбөлөр жиберген.
Тасмада эркек киши балкондон арта салынып, бөбөктү «ойнотуп жатканын» көрүүгө болот. Божомолдорго караганда, бала- 2-4 айлык.
«Окуя Бишкек шаарындагы Герцен көчөсү 49 дарегинде, «Карвен клубдун» артында болду. Эркек киши баланы кооптуу ыкма менен– 5-кабаттын балконунан чыгарып алаксытып жатканын көрдүк. Жанында дагы бир бала турду, ал да буга унчуккан жок. Чочуп кетип, колунан түшүрүп алабы деп, бир нерсе кылгандан да коркуп, үнсүз карап турдук», -деп жазат күбө.
Ал ошондой эле, тиешелүү органдардан чара көрүүнү суранган.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: